Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
Каракол шаарында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул боюнча президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров "Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Президент Билим берүү министрлигине мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүү маселесин кароону тапшырган. Ал эми Финансы министрлигине 2024–2025-окуу жылынан баштап Москва мамлекеттик университетинин филиалын республикалык бюджеттин эсебинен каржылоону табыштаган.
Источник: https://sputnik.kg/20231006/karakol-moskva-zhozh-filial-1079195880.html
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров "Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
"ЖОЖдун иши эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп, абитуриенттерди кабыл алуу тартиби Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленет", — деп жазылат маалыматта.
Источник: https://sputnik.kg/20231006/karakol-moskva-zhozh-filial-1079195880.html
Вернуться назад