КАЗАКСТАНДА ЖЕКЕ ТИК УЧАК КЫЙРАП, УЧКУЧ КУРМАН БОЛДУ
Чыгыш-Казакстан облусунда кыйраган тик учакта эки адам болгон. Алардын бири аман калганын Казакстандын Өзгөчө кырдаал боюнча комитети кабарлады.
Буга чейин мекеме бортто бир учкуч жана эки жүргүнчү болгонун билдирген. Учкуч мерт болду, тирүү калган жүргүнчү Айгыз айылына жеткирилди.
С-341 үлгүсүндөгү жеке тик учак 25-февраль күнү кечтен тарта байланышка чыккан эмес. Расмий маалыматтар боюнча ал Үржар районунун Кожа айылынан учуп чыгып, май куюу үчүн Аягөз районундагы Акшатау айылына конмок. Кабарсыз жоголгон тик учактын кырсыкка кабылганын куткаруучулар аныктаган.
Вернуться назад