DataLife Engine > Жаңылыктар / Ош жаңылыктары > ОШТО 1000ДЕЙ АЙЫМГА ЭЛЕЧЕК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

ОШТО 1000ДЕЙ АЙЫМГА ЭЛЕЧЕК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

ОШТО 1000ДЕЙ АЙЫМГА ЭЛЕЧЕК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

 

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Калаа башчысы 1000ге жакын энелерге элечектерди, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берип, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече айымдарга Ош шаарынын мэриясынын ардак грамоталарын, баалуу белектерин тапшырды.

Ошондой эле, чет өлкөлөрдө мамлекеттин, шаардын намысын коргогон мыкты спортчулардын, студенттердин, окуучулардын жана шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсандардын апаларына “Үлгүлүү эне” наамдары ыйгарылды.

Жалпысынан майрамдык салтанатка миңге жакын энелер катышты.

Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.

Шаар мэри бардык аймыдарды майрамдары менен куттуктап, Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.

“ Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат”,-деди Айтмамат Кадырбаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылары жана чыгармачыл инсандар концерттик программа тартуулашты.

 

ОШТО 1000ДЕЙ АЙЫМГА ЭЛЕЧЕК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

 

ОШТО 1000ДЕЙ АЙЫМГА ЭЛЕЧЕК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

 

ОШТО 1000ДЕЙ АЙЫМГА ЭЛЕЧЕК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

 

Аяна БЕРДИКУЛОВА.

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад