DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан > ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕМКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ ҮЧҮН 555 МИҢ ЕВРО БӨЛӨТ

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕМКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ ҮЧҮН 555 МИҢ ЕВРО БӨЛӨТ

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕМКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ ҮЧҮН 555 МИҢ ЕВРО БӨЛӨТЕвробиримдик Кыргызстандагы коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча долбоорду ишке ашырууга 555,5 миң евро бөлөт. Бул тууралуу ЕБдин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

 

Долбоорду ишке ашыруу расмий түрдө Европа Кеңешинин жана өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкекте 9-мартта башталат.

 

Маалыматка караганда, долбоордун узактыгы 24 айды түзөт. Ал Европа биримдиги тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

 

Долбоор мамлекеттик органдардын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуусу жана жүзөгө ашыруусу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган. Анын алкагында тиешелүү органдарга укуктук көмөк көрсөтүү, коррупция фактыларын далилдөө механизмдери менен иштөө, ошондой эле кабар берүүчөрдү коргоого жардамдашуу боюнча тренингдерди өткөрүү каралган.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад