Эл өкүлдөрү акыркы мезгилде өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуп кетип жатышын тыкыр көзөмөлгө алууну Өкмөткө табыштады
Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар акыркы мезгилдеги өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуп жатышы боюнча маселе көтөрүштү.
Депутат Мирлан Бакиров мектепке кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан Асел Төрөбекова атуу өспүрүмдү мисалга тартып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган мындай көйгөйдү Өкмөт башчысы өз көзөмөлүнө алса дейт.
Балдардын жоголуп жатышына кабатырланган дагы бир депутат Таабалды Тиллаев ата-энелердин кандай абалга туш болуп жатканын айтып, бул көйгөйдү тыкыр көзөмөлгө алуу керек дейт. “Жоголгон балдарды издеп эле тим болбой, көйгөйдүн түпкү себебин дагы дыкат иликтөө зарыл”,- дейт депутат.
Вернуться назад