DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > Назарбаев: Астана ЖККУнун саясатташуусуна каршы

Назарбаев: Астана ЖККУнун саясатташуусуна каршы

Назарбаев: Астана ЖККУнун саясатташуусуна каршыАстана Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун саясатташуусуна каршы. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев уюмдун мааракесине карата “МИР” телеканалына берген маегинде билдирди.

Казакстан президенти журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ЖККУ менен НАТОнун ишмердүүлүгүндө эч кандай окшоштук жок экенин айтты.

«НАТО Кансыз согуш маалында идеологиялык жактан тирешүү үчүн түзүлгөн. Тилекке каршы, ошол бойдон өзгөргөн жок. Буга каршы Варшава келишими болгон. Бул саясий каршылашуу эле. Бизде андай максат жок, биз дайыма ЖККУнун саясатташуусуна каршы болуп келгенбиз”, – деди Назарбаев. Ал ЖККУ аймактык коркунучтарды жамааттык түрдө чечүү үчүн түзүлгөнүн жана анын башка нукка бурулушуна Казакстан каршы экенин баса белгиледи.

Уюм быйыл 25 жылдык мааракесин белгилейт. ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Мындан тышкары Назарбаев терроризм бийлик жок жерде пайда болорун айтты. “Террористтер, экстремисттер, бандиттер бийлик жок жерде пайда болот. Алар үчүн андай жерде жашоо ынгайлуу. Ирактын бир бөлүгүн, Сириянын бир бөлүгүн басып алып, “Ислам мамлекетибиз” деп жатышат. Терроризм бүтүндөй дүйнөгө жайылууда”,– деди Назарбаев. Ал бардык өлкөлөрдү террорчулукка каршы бирге күрөшүүгө чакырды.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад