DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > СТАМБУЛ БАНКОМАТТАРЫНАН АКЧА АЛГАН ТҮРКМӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ

СТАМБУЛ БАНКОМАТТАРЫНАН АКЧА АЛГАН ТҮРКМӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ

СТАМБУЛ БАНКОМАТТАРЫНАН АКЧА АЛГАН ТҮРКМӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨАкыркы кездери Стамбулдун борборундагы Аксарай районунда банкоматтарда кезек күтүп турган Түркмөнстан жарандары көбөйүүдө. Алар түркмөн банктарындагы эсептеринен накталай акча алуусуна киргизилген чектөөлөрдөн улам өз каражатына ээ болуунун түрдүү жолдорун издөөгө мажбур болушууда.

Түркияда жашаган түркмөн жарандарынын биринин айтымында, чектөөлөрдөн улам Түркмөнстан банктарындагы эсебинде турган акчаларын алуу үчүн өлкөдөн сыртка чыккан адамдар көбөйүүдө. Чет өлкөгө бара албагандар өлкөдөн чыгып жаткан адамдарга кайрылып, акчасын ала келүүнү өтүнүшөт.

«Мындан улам жарандар эсептериндеги акчанын 10% чейинки бөлүгүнөн айрылышат. Анткени чет өлкөлөрдүн банкоматтарындагы трансакция үчүн комиссияга жана ортомчуларга акча берүүгө туура келет», — деди ал.

Түркмөнстан менен Түркиянын ортосунда виза режими жок. Мындан улам окуу, эс алуу, дарылануу жана жумуш издөө үчүн өлкөдөн чыккан түркмөн жарандарынын арасында бул багыт өтө популярдуу.

Түркмөнстан бийлиги жарандардын эсептерине жана алардын өлкө ичинде, ошондой эле сыртында дагы банк операцияларын жүргүзүүсүнө карата көзөмөлдү катаалдаштырууда. Марттын аягында түркмөн банктары эл аралык пластик караталар боюнча онлайн эсептешүүлөрдү токтоткон.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад