DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан > "Кудайберген" базары жактан машина баланы коюп кетип, ал каза болду

"Кудайберген" базары жактан машина баланы коюп кетип, ал каза болду

Окуя болгон жердеги кайгуул милиция кызматкерлери. Архив

 

Милиция "Перехват" планын киргизип, айдоочу тууралуу маалымат болсо нөөмөт бөлүмүнө билдирүү керектигин маалымдады.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкекте катталган жол кырсыгынан 15 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбек Майназаров билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-майда болжол менен саат 22:00дөр чамасында Патриса Лумумба көчөсү жакта "Кудайберген" базарынын тушунда катталган. Алган жаракатынан улам бала ооруканада каза болгон.

"Айдоочу ак түстөгү Mercedes Benz машинасын айдап бараткан. Бишкекте "Перехват" планы киргизилди", — деди Майназаров.

Кайгуул милициясы жол кырсыгына күбө болгондорду 0772-188-821 номери аркылуу же 102 нөөмөт бөлүмүнө чалып кабарлап коюуга чакырат.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20170510/1033309448/balany-mashina-koyup-ketti.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад