DataLife Engine > Жаңылыктар / Ош жаңылыктары > ОШТО ПАХТАГА КОЮЛУУЧУ БАА ДЫЙКАНДАРДЫ ТҮЙШҮККӨ САЛДЫ

ОШТО ПАХТАГА КОЮЛУУЧУ БАА ДЫЙКАНДАРДЫ ТҮЙШҮККӨ САЛДЫ

ОШТО ПАХТАГА КОЮЛУУЧУ БАА ДЫЙКАНДАРДЫ ТҮЙШҮККӨ САЛДЫ

Былтыр ак була болгону 4000 гектарга эгилсе быйыл анын аянты 6000 гектардан ашты. Дыйкандардын баамында эгерде кыш эрте түшпөсө ак алтындын түшүмү да жогору болушу мүмкүн. Бирок фермерлерди пахтанын баасы ойлонтуп турат.

 

Мурдагы жылы пахтанын 1 килограммы 25 сомдон сатылса былтыр 43 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок, бул нарк деле көңүлдөгүдөй деп айтууга болбойтдешет дыйкандар. Ошентсе да башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу баасы жогору болуп былтыр фермерлердин мээнети аз да болсо акталганы маалым.

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылынын тургуну фермер Лутфулла Низамидиновдун пикиринде быйыл фермерлердин чыгымдары жогору болууда. Андыктан эгерде баа түшүп кете турган болсо дыйкандар пайда тапмак түгүл, сарпталган каражаттарын да таба албай калышы мүмкүн.

“Жүгөрү, буудайга караганда пахта көп бирок жаан чачын жазында арбын болуп мандикерлерди кымбат иштетип жатабыз. Бир адамды 400 сомдон жалдайбыз түшкү тамагы менен 500 сом болуп кетет. Ушул чыгымдарды актайбы, жокпу билбейбиз жакшы болоор деп үмүт кылып турабыз”, - дейт фермер Низамидинов.

Кол күч кымбат, айыл чарба техникалары жеке менчик, алардын ижара акысы да жогору. Урук, жер семирткич баардыгын эсептеп келгенде дыйкандардын чыгымы бир топ. Каржы маселесинен тышкары айылдарда сугат суу тартыштыгы да күч болуп турат. Пахтаны бышып жетилгиче 4-5 жолу сугаруу керек. Бирок, суу тартыш болгондуктан көпчүлүк эгин талааларына жетпей калып эл кыйналууда.

“Сууну түнү менен талашып кезек күтүп жүрүп араң алып келебиз, эми өзүңдүн жериңе келгенде токтоп калат, жолдон бирөөлөр буруп кетишет. Суу эң негизги көйгөйүбүз”,- дейт дагы бир дыйкан Рахматулло Гапаров.

Ак алтындын баасы Ливерпуль биржасында аныкталат. Андыктан азырынча так маалымат жок. Бирок быйыл да 40 сомдун тегерегинде болот деген божомолдор бар. Область аймагында 10 дөн ашык пахтаны кайра иштетүүчү жеке менчик заводдор бар, дыйкандар түшүмдөрүн ошол заводдорго тапшырышат.

Совет доорунда Кыргызстандын түштүгү пахта өндүрүүдө алдынкы орундарда турган, андан бери пахтаны кайра иштетүү тармагы токтоп, пахтадан кездеме чыгарчу комбинат жабылгандан бери, ак буланы өстүрүп экспортко чыгаруу жылдан жылыга солгундап барат. Дыйкандар акыркы жылдары көбүрөөк кылкандуу дан өсүмдүктөрү менен жашылча өстүрүүгө басым жасашууда.

“Ак алтындын баасы дыйкандарды канааттандырбаса да алар аргасыз сатууга мажбур. Анткени заводдор жазында фермерлерге алдын ала акча берип коюшат, анан күзүндө каалаган баасын коюп туруп алышат, фермерлер айласыз өткөрүшөт”, -деген Кара-Суу районунун айыл-чарба департаментинин башчысы Кубанычбек Мамедов баа саясатын түшүндүрдү.

Мамедовдун айтымында Бизде өндүрүлгөн пахтаны жергиликтүү заводдор алышат, да Россия, Белорусия, Кытайга экспорттошот.

Быйыл пахта Ош областында 7 миң гектарга айдалса, Жалал-Абадда бул көрсөткүч 10 миң гектардан ашат. Орточо 1 гектардан 30-35 центнер түшүм алууга болот. Андыктан, адисте быйыл түштүк аймагында 600 миң центнер ак алтын өндүрүлүшү күтүлүп жатканын билдиришүүдө.

Жанна АСКАРОВА,
Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад