DataLife Engine > Жаңылыктар / Спорт > Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн алдыңкы үч балбанынын катарына кирди

Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн алдыңкы үч балбанынын катарына кирди

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованын архивдик сүрөтү

 

Айсулуу Тыныбекова март айындагы рейтингде 4-орунду ээлеп келген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн июнь айындагы рейтингинде бир сапка жогорулап алдыңкы үчтүккө кирди.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан кыз март айындагы рейтингде 4-орунду ээлеп келген. Спортчунун Азия чемпионатында жана Ислам тилектештик оюндарында алтын медалга ээ болушу бир сапка өйдө жылуусуна өбөлгө болгон.

Биринчи орунду мурдагыдай эле Олимпиаданын жеңүүчүсү япониялык Каори Ичо ээлеп турат. Экинчиге март айындагы рейтингде үчүнчү сапта турган тунистик спортчу Марве Амри көтөрүлгөн. Ал эми буга чейин экинчиде турган россиялык спортчу Валерия Коблова-Жолобова төртүнчү орунга түшүп калды.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20170607/1033721881/ajsuluu-tynybekova-dojnonun-aldynky-uch-balbanynyn-kataryna-kirdi.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад