DataLife Engine > Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары > ЖАЙЛООДОН КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

ЖАЙЛООДОН КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

ЖАЙЛООДОН КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨБазар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Жазы-Кечүү айылына жакын жерден Жинди-Суу дарыясына жайлоодон келе жаткан атчан аял агып кетип изделүүдө.


Маалым болгондой, окуя 13-июнда саат 09:00 чамасында болгон. Кызыл-Туу айылынын  тургуну Насырбек Садыркулов жана анын аялы Мейман Борбиева кызын турмушка узатуу үчүн жайлоодон келе жатышкан. Жолдон М.Борбиеванын аты үркүп, өзү сууга түшүп кеткен.
Аталган айыл аймактан 10 адам, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын тапшырмасы менен №58 өрткө каршы кызматынан 6 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүгө жөнөп кетишкен.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад