МЕКТЕП КУРУЛУШУ ТОКТОДУ
Чаткал районунун Ак-Таш айылында мектептин курулушу токтоп калды. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мурат Досматов билдирди.
"Ак-Таш айылында республикалык бюджеттен 125 орунга ылайыкташтырылып курулуп жаткан Кубат Усупбеков атындагы мектептин курулушу токтоп калды. Мындай маселенин жаралышына каражаттын жетишсиздиги себеп болууда. Учурда мектептин курулушу кайрадан башталышы үчүн тийиштүү кызматтарга кайрылуу жасадык. Каражат бөлүү маселесин чечип беришсе жаз алды менен кайрадан иш улантылат", - деп билдирди Досматов.
Маалым болгондой, мектептин курулушу 2015-жылы башталган.
Даярдаган: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, Жалал-Абад облусу
Вернуться назад