DataLife Engine > Жаңылыктар / Кыргызстан > Кырсыкта каза болгондордун ысымдары аныкталды

Кырсыкта каза болгондордун ысымдары аныкталды

 Кырсыкта каза болгондордун ысымдары аныкталды

 

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгына кабылып каза болгон беш кишинин ысымы белгилүү болду. Калган үч кишинин тек-жайы аныкталууда.

Алар:

- Эрмекбай Жунусмамат уулу, 1994-жылы туулган. Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;

 

- Шамшидин Бердибеков Камалович, 1970-жылы туулган. Ош облусунун Алай районунун тургуну;

 

- Адинахан Дусматова Укматовна, 1973-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.

 

- Малика Асанова Эргешовна, 2014-жылы туулган. Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну

 

- Гүлнара Төрөгелдиева Калиловна 1965-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык 20-июлда таңкы саат 06:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын

Теңдик айылында, Бишкек-Ош жолунун 468-чакырымында болгон.

 

Жалал-Абад милициясы алдын ала маалыматтарга таянып, кырсыкка жол эрежесин сактабагандык себеп болгонун билдирди.

 

"Хонда-Одиссей", оор жүк ташуучу "МАН" үлгүсүндөгү автоунаа жана "Хонда-Степ" машинелери кагышкан. "Хонда-Одиссей" автоунаасындагы алты кишинин, оор жүк ташуучу машинедеги эки адамдын абалы канааттандырарлык. Ал эми "Хонда-Степ" автоунаасындагы тогуз кишинин сегизи окуя болгон жерде каза тапкан, айдоочу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Анын абалы оор.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад