DataLife Engine > Жаңылыктар / Спорт > «МАНАС ОЮНДАРЫ-2017» ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТӨТ

«МАНАС ОЮНДАРЫ-2017» ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТӨТ

 

7-августта, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде «Манас оюндары-2017» спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүү жана уюштуруу боюнча пресс-конференция өттү.

Пресс-конференцияда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Токсонбай Асанов жана «Айкөл Манас оюндары» китебинин автору Дүйшөн Керимов катышышты.

«Бул спорттук мелдеш улуттук жана элдик оюндарды өнүктүрүү, элди дене тарбияга, спортко кызыктыруу жана «Манас» эпосун популяризациялоо максатында 4 жылда бир өткөрүлөт.

Бул жылы аталган оюндар ыйман, адеп-ахлак жана маданият жылына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө арналган. Андан сырткары, бул оюндар 2018-жылы өтө турчу үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу болуп саналат.

Ошондой эле, «Манас оюндары» үч этапта өтөт. Биринчи этапта 2017-жылдын 5-июлуна чейин райондор жана шаарлар арасында массалык оюндар болуп өттү. Ал эми экинчи этапта 15-августка чейин облустарда, Бишкек жана Ош шаарларда өткөрүлдү. Финалдык мелдеш 2017-жылдын 25-31 августтарында Чолпон-Ата шаарында  (Ысык-Көл облусу) өтөт», - К. Арпачиев маалымдады.

«Мындай мелдеш мурда улуттук оюндар боюнча Спартакиада деп аталып келген. 2013-жылыдан тарта Спартакиаданы «Манас оюндары» деп атоого чечими кабыл алынган.

«Манас оюндары-2017» программасына улуттук оюндардын 8 түрү киргизилген: көк бөрү, тогуз коргоол, ордо, салбуурун (бүркүт салуу, тайган жарыш жана жаа атуу), кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат оюндар (ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш).

Ошондой эле 2017-жылдын 25-августунан 31-августуна чейин Чолпон-Ата шаарынын (Ысык-Көл облуу) ипподромунда «Манас оюндары-2017» программасынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу өтөт.

Аталган мелдешке байге фонду 500 миӊ сомду түзөт.

«Манас оюндары-2017» мелдешин даярдоо жана өткөрүү үчүн Спорттук улуттук түрлөрү боюна Дирекциясы тарабынан 10 миллион 81 миӊ сом каралган. Аталган суммадан жалпы байге фондуна 4,5 млн сом каралган», - Т.Асанов кабарлады.

Д. Керимовдун айтуусу боюнча, «Манас оюндары» миӊ жылдык тарыхка ээ. Бүгүнкү күндө өткөрүлүп жаткан «Манас оюндары» биздин улуттук оюндарды өнүктүрүүгө чоӊ түркткү берет.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-31 августтарында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) «Манас оюндары» улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин финалдык таймаштары өтөт.

 

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад