DataLife Engine > Жаңылыктар / Спорт > Айсулуу Тыныбекова Ашхабаддагы Азия оюндарына катышат

Айсулуу Тыныбекова Ашхабаддагы Азия оюндарына катышат

Айсулуу Тыныбекова Ашхабаддагы Азия оюндарына катышатТүркмөнстандын Ашхабад шаарында өтө турган жабык имараттагы Азия оюндарына эркин күрөш боюнча Кыргызстандан 5 беш балбан кыз катышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бешинчи Азия оюндары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт. Ал эми айымдар арасында эркин күрөш боюнча таймаш 24-25-сентябрь күндөрү болот.
Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча таймашат. Жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми, 2009-жылдан баштап аталган таймашка күрөш искусствосу да кошулган.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын айымдар курама командасы:

48 кг чейин — Саяна Баизова

55 кг чейин — Назира Марсбек кызы

58 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова
 
69 кг чейин — Мээрим Жуманазарова

75 кг чейин — Айпери Медет кызы

Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.
 
 

https://www.turmush.kg/news:331300
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад