Жер көчкүдөн кийин Жаман-Адырга көчкөндөр таза сууну сатып алууда

Өкмөт башчы Сапар Исаков, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов 25-сентябрда Жаман-Адырдагы 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышкан.
Жаман-Адырдагы мектептин жалпы сметалык баасы 65 млн сомду түзөт. Курулуш иши декабрь айында аяктайт.
Ошондой эле, Эски Покровка айылынын тургундары таза суунун жоктугунан 4 айдан бери сууну сатып ичип жатканын белгилешти. Жаман-Адыр тилкесине да таза суу Эски Покровка айылынан тартылган болчу. Бирок учурда Эски Покровка айылы өзүн таза суу менен камсыздай албай калды.
Жыйынтыгында өкмөт башчы бул маселени тезинен чечип, сууну чыгарууну тиешелүү органдарга тапшырды.
https://osh.turmush.kg/news:332176/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Вернуться назад