Премьер-министр С. Исаковдун чечими менен 1-октябрдан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 8% га төмөндөйт
2017-жылдын 1-октябрынан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 8% га төмөндөйт. Тийиштүү буйрукка КР премьер-министри Сапар Исаков кол койду деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Эске салсак, буга чейин мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 10 % болчу.
Өкмөт башчы өнөктөш банктарга эл арасында бул багытта тушүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.
С. Исаков өз сөзүндө өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын артыкчылык берген багытынын бири насыя берүүнүн шарттарын жакшыртуу экенин баса белгиледи.
Премьер, мындан сырткары, өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020" программасын ишке ашырууда пайыздык коюмду азайтуу боюнча маселени карап чыгуу боюнча тапшырма берди.
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев учурдагы пайыздык коюм менен насыя алгандардын да жагдайы жаңы пайыздык коюм боюнча караларын айтты.
Исаков, андан сырткары, Каржы министрлигине өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн тез арада каражат караштырууну тапшырды.
Вернуться назад