DataLife Engine > Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары > Аксыда кайнене менен келинин өлтүрүп кетишти

Аксыда кайнене менен келинин өлтүрүп кетишти

Аксыда кайнене менен келинин өлтүрүп кетиштиАксы районунда келин менен кайнененин жансыз денелери өз үйүндө табылды. Бул тууралуу  өздүк булактар кабарлады.
Маалым болгондой, окуя райондун Социал участкасында 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болгон. Келин менен кайнене киши колдуу болуп каза болгон. Алар темир менен уруп өлтүрүлгөнү айтылууда.

Акимдин орун басары Талант Эмилбек уулу бул кылмыш тууралуу уккандыгын жана укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын тактап, тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, каза болгон кайнененин 26 жаштагы кызы ооруканага түшкөн.

Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдиришкендей, кечээ, 14-ноябрда 26 жаштагы К. кызы Э. башынан оор жарат алган абалда жеткирилген. Азырынча окуя тууралуу эч нерсе айтып бере элек. Дарыгерлер тарабынан анын абалы оор деп бааланууда.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, адам өлтүрүү фактысы кечээ, 14-ноябрда Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында катталган. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

http://www.turmush.kg/news:335117
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад