DataLife Engine > Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары > ЭНЕРГЕТИКТЕР МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭНЕРГЕТИКТЕР МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭНЕРГЕТИКТЕР МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ"Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому кышка толугу менен даяр. Бул жылы мурункуларга салыштырмалуу авариялык өчүүлөр аз катталган. Ал эми мекеме калкты электр энергия менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралбасы үчүн өз эсебинен 5 унаа сатып алды. Ал унаалар тоолуу аймактардагы электр тармактары ишканаларына берилет.

Бүгүн, 22-декабрь КРдын энергетиктер күнү. Бул майрам "Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунда да шаңдуу белгиленип, бир нече кызматкерлер ардак грамота жана медалдар менен сыйланышты. Майрам ээлерин куттуктаган облус өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов электронун азыркы жүргүзгөн иши менен он жыл мурунку абалын салыштырды.

-Мындан бир нече жылдар илгери электр энергиясында бир канча жоготуулар болгон. Муну баарыбыз жакшы билебиз. Убакыттын өтүшү менен баары өз жолуна түшүп, бүгүнкү күндөгү иш талапка ылайык жүрүүдө,- дейт М. Акматов.

Он бир айдын жыйынтыгы менен электр кубаттуулугун пайдаланууга 1387 116 кВтсаат электр энергиясы мерчемделсе, иш жүзүндө анын 1375100 пайдаланылган.

 

Белгилей кетсек, азыркы кезде Кыргызстандын энергетикалык системасы туруктуу иштеп жатат. 20-декабрда Токтогул ГЭСинде экинчи трансформатор ишке киргизилген жана бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1100-1200 мВт түзөт. Ушунун эсебинен Бишкек шаарынын ТЭЦине болгон оорчулук 420дан 370-350 мВт чейин жеңилдеди. Бул отун жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө шарт түздү. Энергетикалык тармакты 2018-жылга карата өнүктүрүү Планы менен Концепциясы иштелип чыккан.

 

"Взгляд”

 


скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад