DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > Казакстанда автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду

Казакстанда автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду

Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташуучу автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып «Азаттыктын» казак кызматы жазды.
 
Похожее изображение 
 

Окуя 18 январ эртең менен жергиликтүү саат боюнча 10:30дарда болгон. «Икарус» үлгүсүндөгү автобуста 57 жүргүнчү болгон. Аман калган 5 жүргүнчүнүн арасында да оор жаракат алгандар бар.

Алдын-ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад