DataLife Engine > Жаңылыктар > Баткенде “Коомдогу жаштардын билим, тарбиясынын сапатын жакшыртуудагы “Энелер мектебинин” орду жана мааниси аттуу ” Эл аралык форум өтүүдө.

Баткенде “Коомдогу жаштардын билим, тарбиясынын сапатын жакшыртуудагы “Энелер мектебинин” орду жана мааниси аттуу ” Эл аралык форум өтүүдө.

Келечек муунга татыктуу тарбия, терең билим берүү максатындауюштурулуп жаткан республикалык деңгээлдеги иш-чарага, кошуна Өзбекстан, Тажикстан Республикасынан келген коноктор, Өкмөт мүчөлөрүнүн жана КРнын Өкмөтүнүн жети облусундагы өкүлчүлүктөрүнүн орун басарларынын, район шаарлардын аким-мэрлеринин,билим берүү тармактарынын башчылары, тажрыйбалуу педагог, окумуштуулар катышууда.

Форумдун максаты элдик мугалим атка конгон КРнын Эмгек сиңирген мугалими,билим берүүнүн отличниги, КРнын Ардак Грамотасынын эки жолку ээси Гапыр Мадаминов негиздеген "Энелер мектебинин” иш тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.

Форумда сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев, "келечек муундарды ата-эне, мугалим биргелешип тарбия,билим берсе, билим сапаты жогорулайт,жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук кыскарат. Билим, илим аркылуу Эгемендүү өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт. Гапыр Мадеминов сыяктуу мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу, үйрөнүү, тынымсыз изденүү аркылуу дагы да алга жылуу керек” деп белгиледи.

Ал эми катышуучулар, Энелер мектебинин маанисин, алгачкы натыйжаларын белгилеп, өлкө аймагында бул демилгени жайылтууну колдоого алышаарын билдиришти.

Энелер мектеби 1997-жылы №3 эксперименталдык гимназияда Г.Мадеминовдун демилгеси менен ачылган. Автор тарабынан 2001-жылы Бишкек шаарынан "Энелер мектебинин окуу программасы жана ата энелер үчүн окуу программасы жарык көргөн. Энелер мектебин бүтүргөн энелердин балдары 100% ЖРТнын босого баллдарынан жогору упайларды алып, ЖОЖдордо бюджеттик бөлүмдө билим алып келишет. КММАда 61 студент бюджеттик бөлүмдө,51 окуучу чет өлкөдөгү ЖОЖдордо билим алууда.

Бүгүнкү күнгө чейин 10миңден ашуун энелер, энелер мектебин бүтүрүп чыкты.

Энелер мектебинин иш тажрыйбасы, Ош облусунун ноокат, Чоң-Алай,Араван райондорунда,Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаарынын айрым мектептеринде, бала бакчаларында ишке ашырылууда.

Форумдун соңунда билим берүүнүн мыктыларына КРнын билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары жана Энелер мектебинин алкагында "Мыкты эне”, "Мыкты үй бүлө” сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле форумдун декларациясы бир добуштан кабыл алынды. Эл аралык форумдун катышуучулары үчүн бул күнү Айгүл Тоо экологиялык коругуна экскурсия уюштурулду.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад