DataLife Engine > Жаңылыктар > Кароосуз балдарды калкалаган билим уясы

Кароосуз балдарды калкалаган билим уясы

Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаарында жетим, жарым жетим жана кароосуз калган балдар үчүн "Ак Чыйыр” билим берүү уюму ишин алып барууда. Аталган билим берүү мекемеси 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта пайдаланууга берилген. Ал Кувейт мамлекетинин колдоосу жана "Ас-Сафа” коомдук бирикмеси тарабынан ачылып, азыркы күндө 190дон ашуун жетим жана жарым жетим балдар билим алышууда.

"Билим берүү уюмунда окуучулар 24 саат бою болушат. Эс алуу күндөрү шартка жараша жакындарынын үйүнө барып келишет. Мекемеде окуучулардын жашоосу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Күн сайын 4 маал ысык тамак менен азыктанышат. Андан тышкары спорттук жана көңүл ачуучу оюндар үчүн да окуучуларга убакыт ажыратылган. Окуучулар бул жерде бир эле билим алуу менен гана чектелбестен, эмгек кылууга, мээнеткечтикке, эли-жерин сүйүүгө, коргоого да тарбияланышат”-дейт "Ак Чыйыр” билим берүү уюмунун директору Бакыт Алымбеков .

Билим уясында Билим берүү программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, ошонун негизинде сабактар өтүлөт. Азыркы тапта мектеп предмети менен биргеликте окуучуларга кыргыз тил, орус тил, англис тил жана араб тилдери боюнча кошумча сабактар уюштурулган. Ошондой эле министрлик тарабынан күн тартиби бекитилип берилген.

Окуу жай жаңы ачылгандыктан жакында эле жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, арча, ак кайың, алма, жаңгак, теректин көчөттөрү отургузулган, жетекчиликтин берген маалыматы боюнча жакынкы жылдарда жаны заманбап спорт залдын салынышы мерчемделүүдө.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад