DataLife Engine > Жаңылыктар > Лейлектен жоголгон 5 жаштагы баланын денеси Тажикстандагы каналдан табылды

Лейлектен жоголгон 5 жаштагы баланын денеси Тажикстандагы каналдан табылды

Turmush - Баткендеги Лейлек районунун Арка айылында жоголгон 5 жашар баланын денеси Тажикстандын аймагынан табылды. Бул маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы аймактык кабарчыга тастыктаган.

Маалыматтар боюнча, 5 жаштагы бала 23-апрель күнү кечке маал аталган айылдагы үйүнөн көчөгө атасын издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштери жүргүзүлүп, денеси кечээ, 24-апрелде Тажикстандын Гафуров шаарындагы суу аккан каналдан табылды. Милиция кызматкерлери наристе каналдагы сууга агып кеткен деп болжолдоп жатышат.

Наристенин денеси кечээ жерге берилди.
http://batken.turmush.kg/news:344385/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад