Кыргызстандык жаран бодо малдын 100 миң сомдук терилерин Тажикстандан мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылган
Turmush - Баткен облусундагы Лейлек районунун
Достук аймагындагы чек арачылар аткезчини кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз
кызматынын билдирүүсү боюнча, чоң көлөмдөгү товар кечээ, 2-майда кыргыз-тажик
чек арасынан табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандык жаран
«Фольксваген» үлгүсүндөгү унаасы менен Тажикстандан Кыргызстандын аймагына бодо
малдын 50 капка салынган терилерин алып өтүүгө аракет кылган. Анын жалпы
суммасы 100 миң сомго жетет. Бирок текшерүү учурунда жүккө тиешелүү документтер
жок болгондуктан, тиешелүү материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын аймактагы
өкүлдөрүнө чара көрүү үчүн берилди.
http://batken.turmush.kg/news:344867/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Вернуться назад