Баткенде унаанын багажына жашынып, Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган адам кармалды
Turmush -
Кечээ, 6-майда Баткендеги «Ак-Кыя» чек ара бекетинен мыйзамсыз өтүүгө
аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара
кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, кыргызстандык К.А. айдап келе жаткан
«Hyundai Starex» үлгүсүндөгү унаанын багажынан өзбекстандык адам табылган. Ал
паспорттук текшерүүдөн өтпөй Кыргызстанга өтүп кетүүгө аракет кылган. Жанында
эч кандай документтери жок болгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин
айдоочу менен кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
http://batken.turmush.kg/news:345073/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Вернуться назад