DataLife Engine > Жаңылыктар > Газ жана нефть чыккан Лейлектин Катта-Туз аймагына тажикстандыктар эскертүүсүз кирип келди

Газ жана нефть чыккан Лейлектин Катта-Туз аймагына тажикстандыктар эскертүүсүз кирип келди

Turmush -  Кечээ, 9-май күнү кечинде Лейлек районунун Катта-Туз участкасындагы газ куруна тажикстандыктар эскертүүсүз кирип келишти.

Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тастыктап, Тажикстандын 3 чек арачысы жана 4 жараны Кыргызстандын аймагына өткөнүн билдирди.

«9-май күнү саат 19:00 чамасында Лейлек районунун Катта-Туз участкасына тажик чек арачылары жана адистери келип, Катта-Туз участкасынын аймагын кайтарып турган «Лейлек» чек ара отрядынын аскерлерине «жогорку бийлик тарабынан бул жерде чогуу кайтаруу боюнча бизге тапшырма болду, ошол максатта сүйлөшүү үчүн келдик» деп кайрылышкан. Кыргыз чек арачыларыаларды толугу менен уккандан кийин «бизде мындай маалымат жок» деп жооп берип, алар өздөрү тарапка кайтып кетишкен.


Катта-Туз участкасына тажик чек арачылары жана адистери тарабынан эч кандай мыйзамсыз чек арадан өтүү фактысы болбогондуктан, бул факты боюнча райондук жетекчилер жана чек ара кызматкерлери тажик тарап менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес. Бул факты тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник З.Мийзаев, «Лейлек» чек ара отрядынын башчысы полковник С.Токтосунов жана Лейлек районунун акими Б.Бекмуратов тастыктышты», - деп айтылат маалыматта.


Катта-Туз участогундагы Кыргызстандын аймагында кара май сордургуч кур жана табигий газ алуучу скважина бар.
http://batken.turmush.kg/news:345306/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад