DataLife Engine > Жаңылыктар > Кадамжайдагы селге агып кеткен адамдын сөөгү Өзбекстандан табылды

Кадамжайдагы селге агып кеткен адамдын сөөгү Өзбекстандан табылды

Turmush - 14-майда Кадамжай шаарындагы сел аккан Ак-Суу дарыясына өз боюн таштап каза болгон 47 жаштагы Александр Кимдин денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда анын денесин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 14-майда катуу жааган жаандан улам Кадамжай шаарынын айрым жерлеринен сел кеткен. Ошол учурда Кадамжай шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Александр мас абалында сел агып жаткан Ак-Суу дарыясына өз боюн таштап жиберген. Денеси алынып келингенден кийин анын мас экендиги жана боюн өзү таштап жибергендиги такталат
http://batken.turmush.kg/news:345718/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад