DataLife Engine > Жаңылыктар > Баткен жана Кадамжай районунда сел кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө.

Баткен жана Кадамжай районунда сел кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө.

18-май күнү катуу жааган жаандан улам Баткен районунун , Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой, Боз-Адырайылдарында, Төрт-Гүл айыл аймагынын Ак-Өтөк айылында жана Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кызыл-Коргон айылдарында сел жүргон. Сел кесепетиненен эгин талааларын жууп, ички чарбалык жолдор зыян тарткан. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч келтирилген эмес. Окуя болгон куну ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов барып, сел кесепеттерин жоюуу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында жүргөн сел Ак-Өтөк айылында элдин негизги киреше булагы болгон 15 гектар күрүч талааларды жууп кеткен. 30дай тургундардын короо жайларын кум шагылга толтуруп, 1 электр мамычасы жарактан чыгып, 15 үй бүлө жарыксыз калган. 200, 300 метр ички чарбалык жол шагылга толгон. Ал эми жергиликтүү тургандар буга чейин айдоо жерлерине күрүч эгип бүтүшкөн болчу. Эми кайрадан эгип, эки эсе чыгаша кылуусу керек. Дыйкандардын айтымында болжол менен 1 айга түшүм жыйноо кечигет.

Ошол эле күнү айылды селден тазалоо жумуштары башталып, элге электр жарыгы берилген. Ал эми жолдорду, элдин короо жайын тазалоо жумуштары жергиликтүү бийлик жана ӨКМ тарабынан аткарылууда.

Ал эми Кадамжай районунда жүргөн сел Ак-Турпак жана Кызыл-Коргон айылынын 4 км ички чарбалык жолдорун бузуп, арыктарды кум шагылга толтурган. 15 үйдүн короо- жайына сел суусу кирген.

Жергилктүү бийлик тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, сел кесептеттерин жою иштери активдүү жүрүүдө. Учурда айылда 20 техника иштеп, калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда.

Учурда келтирилген зыяндын эсеби такталууда. Бактыга жараша табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад