DataLife Engine > Жаңылыктар / Ош жаңылыктары > Таластык Айгеримди Оштун эмнеси таң калтырды?

Таластык Айгеримди Оштун эмнеси таң калтырды?

Эл, жер көрүү,таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында

Талас, Чүй областтарынан жаштар Оштогу досторубузгаконоко келдик.

Келгенде эле Нариман айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыштак, Кашкар-Кыштак айылдарына саякатка бардык.Босогосун аттаганда эле айыл өкмөттөрдүн имараттарынын чыгыш колоритиндегижасалгаласы таң калтырды, бул өзгөчө сырдуулукту тартуулайт экен. Андан соң жергиликтүү бийликтин иши менен тааныштык. Айыл өкмөт дотацияда отурса да 450, 350 миллион сом өлчөмүндөгүинвестициялар тартылгандыгы тууралуу маалыматтарды угуп аябай таң калдым, суктандым. Оштогу айыл өкмөттөр эл аралык АРИС жана башка ушул сыяктуу грант берүүчү уюмдар менен тыгыз иштешет экен. Таласта деле программалар иштейт, бирок Оштогудай мынчалык көп суммалар тартылганын уккан эмесмин. Азыр болсо айыл өкмөттөр андан да масштабдуурак долбоорлорду ойлонуп жатышат экен, мисалы: жолдорду салуу боюнча. Айыл өкмөттүн деңгээлинде жол салуу маселесин өз алдынча чечүү бул жеке мен үчүн жаңылык болду. Анткени, буга чейин мен, айыл өкмөттөр өз алдынча арыктарды, суу каналдарын тазалышыптыр деген сыяктуу чакан иштерди гана укчумун. Азыр эми минтип инфрастуктураны оңдоо, жаштарга айыл жеринде жумуш орундарын түзүү, ишкердүүлүктү өнүктүрүп жатканы чынында сонун жөрөлгө деп ойлойм.

Айыл өкмөттөн чыгып Наримандагы мектептердин бирине саякаттадык. Мектептин директору37 жаштагы жаш агай экен, жаш болгон үчүнбү айтор окуу жайга анын чыгармачылык менен жасалган мамилеси сезилип турат. Мектептин жасалгасы сонун, ага кошумча видео-байкоо системасы орнотулганы да жакты, тасма эле эмес үн да жазылат экен. Видео-байкоо эки нерсенин алдын алат, окуучулар арасында чыр-чатактын жана мугалимдердин сабак өтүү сапатын жогорулатат. Мен ойлойм өтө жакшы нерсе. Ананар бир класс интеррактивдүү доскалар менен жабдылыптыр, бизде айылдык мектеп эмес, Талас шаарындагы мектептерде да интеррактивдүү доскалар жок. Мен аябай таң калдым.

Эң негизгиси Оштун палоосу абдан даамдуу экен, эми Таластагы жасалып келген палоо жеке менюмдан чыгарылды. Эмне өзгөчөлүк менен жасалат деп сурасам бирдей эле нерселерди айтышты, бирок эмнегедир бул жакта жеген аш даамдуу сезилди. Балким өздөрүнүн бир сырлары бардыр. Досторумдан оштуктардын ашын жасаганды үйрөнүп, сырларын өздөштүрүп кетем деп ойлонуп турам.

Талас шаарынын тургуну Айгерим Алманбет кызы, 19 жашта


скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад