DataLife Engine > Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары > "Активист" үндүктөрдүн кукулуктаган видеосу соцтармакты күлкүгө бөлөдү

"Активист" үндүктөрдүн кукулуктаган видеосу соцтармакты күлкүгө бөлөдү

Видеону көргөндөр үндүктүрдү митингге алып чыгыш керектигин айтып тамашага салышкан

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Facebook тармагында кукулуктаган үндүктөрдүн күлкүлүү видеосу жарыяланды.

 Үндүктөр видеого тартып жаткан кишинин сөзүн сүрөп тургандай болду. Ал киши бери жакта туруп "Кочкор үчүн! Кыргыз эли үчүн! Алдыга!" деп сүйлөгөн сайын ар сөзүнүн ортосунда хор менен кукулуктап турганын көрүүгө болот.

 

Муну интернет колдонуучулары ар кандай сыпаттап жатышат. Бири активист үндүктөр экен десе, башкалары митингге алып чыгыш керек, аягына чейин туруп берет деп тамаша иретинде комментарий жазышкан.

Видеонун качан жана кайда тартылганы азырынча белгисиз.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180612/1039631361/unduktordun-kukuluktagan-videosu.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад