DataLife Engine > Жаңылыктар > Ысык-Көлдө триатлон боюнча Борбор Азия чемпионаты уюштурулат

Ысык-Көлдө триатлон боюнча Борбор Азия чемпионаты уюштурулат

Мелдеште Кыргызстан, Россия, Казакстандан чогулган спортчулар күч сынашат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө үч өлкөнүн триатлончулары чемпиондук үчүн ат салышат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти. 

 

Маалыматка ылайык, мелдеш 7-8-июль күндөрү Чолпон-Ата өтүп Азия Кубогу ойнотулат. Анда спортчулар 1,5 чакырымга сууда сүзүп, 10 чакырым чуркап, 40 чакырымды велосипед менен багындырат. Ал эми спорт сүйүүчүлөрү 300 метрге сууда сүзүп, эки чакырым чуркап, сегиз чакырымды велосипед менен өтөт. 

 

Спорттук иш-чарада Кыргызстан, Россия, Казакстандан чогулган спортчулар күч сынашат. 



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180618/1039727443/ysyk-kol-triatlon-chempionat.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад