Боом капчыгайындагы жол 20-майдан 24-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Бул күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 132-чакырымында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Жолду эртең мененки саат 9.00дөн 15.00гө чейин жабуу пландалууда. Жолго 30-40 унаа топтолуп калса, аларды өткөрүү үчүн иштер токтотулат.