Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:08
Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты
12:30
Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды
12:21
Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады
12:17
Кыргызстандыктар 24-февралда эс алабы?
11:33
Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
14:34
Кумтөр кенинде кызматкер кырсыктап, көлгө түшүп кеткени айтылууда
14:01
Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши
13:53
Россия КРге аба чабуулунан коргонуу каражаттарын эмнеге жайгаштырууда. Саресеп
13:52
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетти
13:47
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:37
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:12
"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды
12:53
Депутат: Сокулукта адамдын өлгөнү тууралуу маалым кат бербей акча жасап жатышат
17:07
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
10:50
Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда
15:26
Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
11:45
БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди
14:31
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
14:29
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
13:25
Бишкек: жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлмөй болду
12:48
Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды
12:26
Нарын облусу үчүн даярдалган жаңы логотип катуу сынга кабылды
17:18
Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады
17:09
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
11:37
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
11:25
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
11:00
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
10:37
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
13:12
Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди
13:01
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
12:36
КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды
11:59
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды
11:28
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
11:11
Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды
16:51
Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
16:48
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:37
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:36
Прокуратура өлкөдө 3000ден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин аныктады
10:12
Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди
10:10
Трамп кыргызстандыктарга АКШда биротоло калып жашоого тыюу салды
10:25
Россиянын жаңы премьери ЕАЭБди өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу 5 багытты атады
09:42
Бишкекте акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар пайда болду. Акысы жана дареги
09:37
Министрлик: Кыргызстанга 500 миң бет кап алып келинет
09:22
"Кант" авиабазасы пулеметтуу "Урал" унаалары менен толукталды
09:14
Эл даттангандан кийин Салык кызматынын 58 кызматкери жазаланды
Бардык кабарлар

Тагдыр: Баткенде 24 жаштагы Миландын боору кургап, атасы донор болуп, Индияда операция жасатууга муктаж болууда (фото)

Баткен жаңылыктары
591
0
Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну, 2 баланын атасы Садыкжан уулу Милан боорунун кургап калгандыгына байланыштуу катуу ооруп, тез арада боорун алмаштырууга муктаж. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы андан кабар алды.

Атасы Садыкжан Пазыловдун айтымында, баласы үчүн өзүнүн боорун берүүгө даяр. Боорду алмаштыруу үчүн Индияда операция жасатуу керек. Ал үчүн чоң суммадагы акча зарыл.

«Милан 2011-жылдан бери ооруп, кайрылбаган жери калбады. Азыр анын боорун алмаштырбаса болбойт. Күндөн-күнгө абалы оор. Операциянын өзүнө эле 30 миң долларга жакын акча керектелет экен. Жатакана, жол кире, дары-дармек, котормочу деген нерселер да бар. Мен азыр 55 жаштамын, донор болсом болот дешти. Азыр элден жардам сурап, акча топтоп жатабыз. Милан үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу. 1 уул, 1 кызы бар. Келинчеги мындан 1 жыл мурда 2 баласын таштап Москва шаарына кетип калган. Балдарын өзүбүз карап жатабыз. Келем десе балдары үчүн эч нерсе дебейбиз. Жашаса да жашабаса да өзү билет. Бүгүнкү күндө Милан оору менен алышып, күнүнө 10 миң сомго жакын дары-дармек колдонот. Антпесе курсагы, буттары шишип кетет. Ал дары Баткенде жок болгондуктан Ташкенттен 7200 сомго алып келебиз», - деди ал.

Буга чейин Милан Садыкжан уулу Баткен облустук телерадиокомпаниясында оператор болуп иштеп келген. Миландын жакындары колунда бар, кайрымдуу инсандардан жардам сурашат. Эгерде акча топтолсо эле операция жасатуу үчүн Индияга кетмек. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында операцияга чейин укол алып, дары ичип жан сактап жатат.

Жардам берүүнү каалагандар «Финка» банкына Пазылов Садыкжан Жунусалиевичтин атына Элсом 0778275252 номуру аркылуу банк аркылуу которууну каалагандар 1380201010294081 номуру менен «Финка» банкынын Баткендеги филиалына БИК 138020 жөнөтсө болот.

http://batken.turmush.kg/news:351273/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно