Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бардык кабарлар

Мамажакыповдун иниси: агамдын өлүмүн Баткен прокурорлору уюштургандай

Баткен жаңылыктары
30
0


Прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Мелис Калыков аттуу аткаминер кармалган. Милициянын маалыматы боюнча ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган

Деген менен шектүүнүн бир тууган эжеси Дариха Калыкова окуя болгон күнү Мамажакыповдун жанында Калыковдон башка дагы беш прокурор жана бир ишкер болгонун белгилеп, алар күнөөнүн баарын инисине шылтап жатканын айтууда. Мындан улам тергөө ачык-айкын өтүшүн көзөмөлдөп беришин сурап президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, акыйкатчыга жана ЖМКларга кайрылды.

"Анарбай Мамажакыпов менен аңчылыкка кошо чыккан прокурорлордун көрсөтмөсү менен менин иним камалды. Ал күнү аңчылыкка маркумдун 2 орун басары, 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору, иним Мелис жана арак заводдо иштеген Баткен районунун прокурорунун досу Эрнис аттуу жигит чыккан. Тоого Мелис досунун автосу, прокурорлор кызматтык унаасы менен эки машинада барышкан", — деди Дариха Калыкова.

Ал ошондой эле аңчылыкты Баткен районунун прокурору уюштурганын жана инисине автоунаа тап деп буйрук бергенин айтып жатат.

"Мелис аңчылыктан келип РИИБ тарапка баратканда, астынан Баткен районунун прокурору кызматтык унаасы менен жолун тосуп, Мамажакыповдун устуканы менен буюмдарын анын машинасынан алган. Кайра иним экөө чогуу кетип арак ичишкен. Райондук прокурор Мелистин айдап жүргөн унаасынын ачкычын өзү менен чогуу алып кеткен. Ошол жерде автоунаасы ачык калган. Бирок Мелис үйүнө кирип баратканда аңчылыкка чыккан прокурорлор милиция кызматкерлери менен келип аны кармаган", — деди ал.

Мелис Калыков Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштечү. Эжесинин айтымында, анда прокурорду өлтүрүүгө мотив болгон эмес.

"Баткен милициясынын начальнигинин орун басары Арстан Усанов маалымат жыйында иним айдаган унаа Турмаматов көчөсүндө турганын Баткен районунун прокурору милицияга кабарлаган дейт. Унааны текшергенде, ичинен кандын тактары бар бычак, мылтыктын октору жана эшиктеринде кандын тактары табылды деп жатат. Анда эмнеге экөө арак ичип жатканда кармаган эмес", — деди Калыкова.

Маркум прокурордун иниси Өскөнбай Мамажакыпов да аны менен аңчылыкка чыккандардын баарын камап, анан суракка алууну талап кылууда.

"Аңчылыкка чыккандардын баарынан шектенип жатабыз. Ошол кол алдындагылары көптөн бери даярданган окшойт. Агам 10 күндөй эмгек өргүү алып, баласын үйлөп 12-ноябрда жумушка чыккан. Мындай иш ал жокто атайын уюштурулган болушу мүмкүн. Жетекчиси менен чогуу чыккандан кийин чогуу кайтышы керек эле да. Булар беркиге шылтап жатышат. Болбосо аны менен урушкан күндө деле ажыратып коюшмак да. Эмне үчүн милиция баарын камап алып, анан сурак кылбайт?! Азыр Чоң-Алайдын 2000 тургуну кол коюп, президенттин атына кат жолдодук. Иштин ачык иликтенишин сурайбыз", — деди маркумдун иниси Мамажакыпов.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул боюнча Ички иликтөө бөлүмү кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын айтты. Аңчылыкка чыккан прокурорлор тергөө иши бүткөнгө чейин кызматтан бошотулган.

Ички иштер министрлиги болсо Мелис Калыковдон башка эч ким кармалбаганын ырастады. Шектүү Ош шаарынын тергөө абагына камалган. Кылмыш иши ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.

"Алгачкы көрсөтмөлөр боюнча кылмышка Мелис Калыков шектелип жатат. Анткени ал тоодон кайтканда Анарбай Мамажыкыповду унаасына салып кетип, андан ары жаңжалдашкан экен. Ал эми ошол күнү чогуу болгон 5 прокурор жана 1 жергиликтүү ишкер күбө катары көрсөтмө берүүдө. Тергөө аяктаганга чейин алар эч жакка кетпейт. Иш ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө, тергөө акыйкат жана таза жүрөт", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов.

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов шектүү катары кармалган Калыковду "милиция кызматкерлери сабап жатат" деген маалымат тараткан. Бирок ИИМ муну четке кагып, анын денесиндеги көгала тактар прокурор менен урушканда калганын айтты

Анарбай Мамажакыпов 43 жашта болчу, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылында туулган. Артында үч уул, бир кызы калды. Ал Баткен облусунун прокурору болуп 6 ай иштеди. Ага чейин Талас облусунун Ала-Бука районунун прокурору жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болгон. Прокурордун сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алайдын Даарот-Коргон айылында жерге берилди.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20181127/1042175301/anarbay-mamazhakypov-prokurordun-olumu-prezidentke-kayryluu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно