Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Замирбек СООРОВ, Баткен облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын башчысы: «ТУРАК ҮЙЛӨРДҮН ТОЛУГУ МЕНЕН КҮЙҮП КЕТИШИНЕ ЖОЛДУН АЛЫСТЫГЫ СЕБЕП»

Баткен жаңылыктары / Интервью
1 761
0

Күн суутуп, жылуулук үчүн жарандар электр жана от жагуучу мештерди көп колдоно баштагандан бери, акыркы 15 күндүн ичинде эле облус аймагында катталган өрт кырсыктарынын саны өстү. Эки жума аралыгында 10 өрт кырсыгы катталып, тилекке каршы турак үйлөр толугу менен күйүп кеткен учурлар болду. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган жок. Бул багытта биз Баткен облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын башчысы Замирбек Сооров менен өрттүн алдын алуу жана чыгуу себептери тууралуу сөз кылдык.

Замирбек СООРОВ, Баткен облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын башчысы: «ТУРАК ҮЙЛӨРДҮН  ТОЛУГУ МЕНЕН КҮЙҮП КЕТИШИНЕ ЖОЛДУН АЛЫСТЫГЫ СЕБЕП»

-Замирбек Эсеналиевич, акыркы күндөрү облус аймагында өрт кырсыктары көп катталып, өрт чыккан турак үйлөр толугу менен күйүп кеткен учурлар жок эмес. Чыккан өрттү убагында өчүрүп калууга мүмкүн эмеспи?

 

-Туура, акыркы эки жума аралыгында өрт кырсыгы көп каттала баштады. Ал эми өрт чыккан үйлөр толугу менен күйүп кетүүсүнө жолдун алыстыгы себеп болууда. Негизи шаар жеринде ар бир 5 чакырым, айыл жеринде 25 чакырым аралыкта өрт кызматы болушу керек. Тилекке каршы бизде андай шарт жок. Айылдарда чыккан өрткө Баткен шаарынан же башка райондун борборунан өрт өчүрүүчүлөр барганча кеч болуп калган учурлар болууда. Анын үстүнө шаардын көчөлөрү да тар, унаа көп. Өрт өчүрүү үчүн кетип жаткан унааны көрүшсө да жол берейин дебеген айдоочулар бар. Биздин өрт өчүрүүчүлөр өрт тууралуу кабар түшөөрү менен бир мүнөттүн ичинде жөнөп кетет. Бирок алыс жол жүрүп убакыттан уттуруп коюп жатканыбыз чын.

 

-Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу барбы, алыскы аймактарга өрт кызматын ачуу аракеттери көрүлдүбү?

 

-Лейлек районунун Кулунду айылына ачтык. Кулунду Исфана шаарынан 50 чакырым алыста жайгашса, андан ары дагы 70 чакырымга чейинки аралыкта айылдар бар. Ошондуктан бул аймакка өрткө каршы кызмат бөлүмүн ачуу зарыл эле. Учурда чек аралаш Самаркандек айылына ачуу максатыбыз бар. Анткени райондун борборунан алыс жайгашкан айылда буга чейин да чек ара чыр чатактарынан улам өрт чыгып, жайлоолордо бир канча үйлөр өрттөнгөн. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн аймакка коопсуздук чараларын түзүшүбүз зарыл. Бул маселе өлкө башчыбыздын программасына кирген. Ишке ашуусу күтүлүүдө.

 

-Өткөн жылы канча өрт кырсыгы катталды жана өрттүн чыгуу себептерине токтолсоңуз?

 

-Ал жылдын 11 айы ичинде облус аймагында жалпы 202 өрт кырсыгы катталып, чыгымы 166 444 000 сом болду. Анын ичинен турак жайда 45 өрт кырсыгы катталып, чыгымы 5 млн сомду түзүп, 3 кишинин өмүрүн алган.

Өрт кырсыгы адамдардын отко шалаакы мамиле кылуусунан келип чыгат. Мас абалда бөлмөдө тамеки чегип уктоо, колдо жасалган ачык спиралдуу электр плиталарын колдонуу, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, жараксыз электр түйүндөрү, кароосуз калтырылган жаш балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундан орду толгус кырсыктар болуп өтөт - үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээ бир учурда адамдар да каза болот.

 

-Коомдук жайлардагы өрт коопсуздуктары талапка канчалык деңгээлде жооп берет?

 

-Тилекке каршы коомдук жайларда өрт коопсуздугу толук сакталбайт. Буга мисал Исфана базарындагы өрттү айтсак болот. Баткен базарында да абал начар. Биз көп ирет эскертүүлөрдү бердик, анан сатуучуларга сабак болсун деп атайын машыгуу өткөрдүк. Машыгууда базар ичинде өрт чыккан жерге жете албай койдук. Жолдордогу унаа тыгындары, соодагерлердин баш аламан жайгашышы тоскоолдуктарды жаратты.

Ошондой эле акыркы учурда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаалар күйүп кеткен фактылар катталып жатат. Бул күйүүчү май ташыган унаалар биздин шаар ичин аралап өткөн учурлар көп. Эгер мындай өрт кырсыгы шаар ичинде жалп этсе эмне болоору түшүнүктүү. Ошондуктан Баткен шаарына күйүүчү май ташыган унааларды киргизбей, айланма жол салуу керек.

 

Маектешкен: Чолпон БЕРДИКУЛОВА, "Взгляд” Баткен облусу

скачать dle 11.0фильмы бесплатно