Бүгүн:

Акыркы кабарлар

18:00
Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты
22:59
Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот
22:56
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп
22:54
Кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө талкууланды
22:54
Эдил Байсалов: Адам капиталына инвестициялоо көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет
22:53
Япония менен КРнын ортосундагы дипмамилелерге 30 жыл. Япониянын премьери Садыр Жапаровду куттуктады
22:53
Кыргызстандын бардык аймагына электр энергиясы берилди
22:50
Президент Садыр Жапаров “БА мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитинде сөз сүйлөдү
22:49
Кыргызстан Йемендин аймагынан Сауд Аравиянын шаарларына болгон ракеталык чабуулду кескин айыптайт
19:09
Садыр Жапаров высказал мнение по проекту железной дороги Китай — КР — РУз
23:57
"Тазалык" ишканасына механикалык көчө шыпыргыч машиналар берилди
23:57
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
11:29
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
23:35
Болот Темиров өзүнө каршы чагым болгонун билдирди
23:32
Кыргызстандын төрагалыгы астында ЕЭК биринчи кеңешмеси өттү
23:27
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факты
23:26
Акылбек Жапаров Жер-Үй кенине барды
19:15
Эл менен талкуулаш керек! Министрлик Кыргызстанда АЭСтин курулушу боюнча үн катты
19:12
ТИМ Казакстанга нота тапшырып, сабалган Сыдыковго компенсация талап кылды
23:42
Азык-түлүк кымбаттап эле баратат. Арзандатуунун жолу барбы?
23:40
Кыргызстан алтынчы сапта. Суюлтулган газдын баасы боюнча дүйнөлүк рейтинг
23:35
Байсалов: Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды
23:35
Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду
22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
Бардык кабарлар

Дилдора РАХМАНОВА, Алыш жана түркмөн күрөшү боюнча дүйнө чемпиону: “АЛДЫДА ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНА КАТЫШУУ МАКСАТЫМ ТУРАТ”

Баткен жаңылыктары / Интервью
1 475
0

Өткөн жылы бир катар мелдештерде алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон Дилдора Рахманова жалпы баткендиктердин сыймыгы болду. Болгондо да аялдар арасынан дүйнө чемпионун чыгышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жалпы коомчулук кубанып, улам мелдештен келген сайын чоң шаан шөкөт менен тосуп алып жатышты. Жердештеринин мындай колдоосу Дилдора айымга дем күч берип ого бетер ийгиликтердин жаралуусуна түрткү берди. Жыл соңунда дагы бир Эл аралык мелдеште жеңишке жеткен Дилдора Рахманова менен жаңы жыл башынан жолугуп, кызыктуу маек курдук.

 

 

Дилдора РАХМАНОВА, Алыш жана түркмөн күрөшү боюнча дүйнө чемпиону:          “АЛДЫДА ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНА КАТЫШУУ МАКСАТЫМ ТУРАТ”

-Дилдора айым өткөн жыл сиз үчүн өтө жемиштүү жыл болду. Бир эле эмес бир канча ирет жеңишке жетиштиңиз. Ийгиликтериңиз менен бөлүшсөңүз?

 

-Ооба быйылкы жылы эки ирет дүйнө чемпиону, эки ирет байгечи болдум. Алгач Чолпон-Ата шаарында өткөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда "Алыш” күрөшү боюнча 75 килограммдык салмак боюнча аялдар арасында биринчи орунду камсыз кылдым. Андан соң Россиянын Набережной Челны шаарында белбоо күрөшү боюнча өткөн мелдеште 3-орунду ээлеп, ушул эле шаарда 29-октябрда түркмөн күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде 1-орунду ээледим. 40 мамлекеттин тандалма спортчулары катышкан мелдеште жеңишке жетүү оңой болгон жок. Финалда орус спортчусу менен таймашып, мурда жараат алган тиземди оорутуп алып, катуу оорутканына карабай, акыркы 30 секундада жеңишке жетиштим. Ал эми жыл аягындагы айда 11-декабрда Белорусияда өткөн мелдеште 2-орунду камсыз кылып келдим.

 

 

-Окурмандарга өзүңүз тууралуу айтып өтсөңүз

 

-Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 1983-жылы туулганмын. Кесибим дене тарбия мугалими. Бул кесипте 11 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Учурда БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы Социалдык Педагогикалык Институтунда мугалим болуп иштейм. "Алыш” жана "Белбоо” күрөштөрү менен тынымсыз машыгып келем. Анын натыйжасында студент мезгилимден тарта, тагыраак айтканда 2003-жылы Тажикстандын Истаравшан шаарында болуп өткөн Азиялык турнирде 1- орунду ээледим. Ал эми 2005-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында уюшулган "Алыш” күрөшү боюнча Азия чемпионатында 1-орунду камсыз кылдым. Менин бул алгачкы ийгиликтерим менин келечегиме чоң ишенич тартуулады.

 

-Айымдар үчүн дене тарбия адистигин кесип катары тандоо оор эмеспи?

 

-Жок, мен үчүн оор эмес. Бирок бул кесипти тандап, күрөш менен машыгып баштаганымда ата-энем тарабынан бир топ тоскоолдуктар болгондо бир аз кыйналгам. Кийинчерээк бир нече ийгиликтерге жетишкенимден кийин, биздин урпактан да чоң "палвандар” чыгып элдин сыймыгы катары атагы алыска тараган, сен да ошолордун жолун жолдопсун деп мени колдоп калышты. Ата-энем азыр демөөрчү катары дайыма дем күч берип келишет.

 

-Ийгиликтин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

 

-Кыргызымда "Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт " дегендей, ата-энемдин ак батасы , тынымсыз эмгек, машыгуулар, үзгүлтүксүз изденүү ийгилик алып келди. Кыргыз кыздарынын ичинен чыккан белгилүү күрөштүн чебери Нагира Сарпашованын көптөгөн оюндарын көрүп анын ийгиликтерине суктанып ошол кыздай ыкчам күрөшчү болсом деп ниеттенет элем. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда мен суктанган киши менен күрөшкө чыгып, тынбай жасаган эмгегимдин үзүрүн көрдүм. Ийгиликтер өзүнөн өзү жарала бербеси табигый көрүнүш эмеспи, артка кайрылып көрсөм аракеттин натыйжасы биринен сала бири жаралыптыр.

 

-Эл аралык мелдештердеги ийгиликтериңиз менен бөлүшсөңүз

- Буга чейин 2005-жылы Литванын Вильнюс шаарындагы дүйнөлүк турнирде 3-орунду ээлегем, андан соң 2007-жылы Албанияда "Алыш” күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орун, 2008-жылы Ташкентте болуп өткөн турнирде 1-орун, 2009-жылы Ташкент шаарында "бел боо” күрөшү боюнча чемпионатта 1-орун, 2010-жылы "Алыш” күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орун, 2011-жылы "Алыш” күрөшү боюнча эл аралык турнирде 1-орун, 2012-жылы Иран Ислам республикасында "Алыш” күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орун, 2013-жылы Ашхабат шаарында "Алыш” күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду ээлегем.

Жалпы эсепте 8алтын, 4күмүш, 3коло медалга ээ болдум.

 

-Сизди тарбиялаган устатыңыз ким болду экен?

 

-Эң биринчи ушул деңгээлге жетишиме устазым Севара Дехканова , Мамарасул Балтабаевдердин салымы чоң. Ал эми шакирт жаатына караганыбызда кудайга шүгүр артым куру эмес.

 

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

 

-Кудайдан үмүт этип, жергиликтүү бийлик органдары ылайыктуу жер бөлүп жардам берсе Үч -Коргон айыл аймагына спорт залын ачып, элдин керегине жараган мыкты улан-кыздарды тарбияласам деген ниеттемин. Ошондой эле келечектектеги үмүтүм да, максатым да, тилегим да 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтүлүүчү дүйнөлүк олимпиадага катышуу.

 

-Ар бир эле аял сүйүктү жар, мээримдүү эне болууну каалайт эмеспи, бул жаатта ойлоруңуз кандай?

 

-Адам кээде бир нерсеге жетүү үчүн дагы бир нерсени курмандыкка чалуусу керек болот. Эгер мен башка аялдар сыяктуу бирөөгө жубай болуп, эне болгонумда спорт жаатында мындай ийгиликтерди жарата албайт болчум. Анткени аял кишинин үйдөгү түйшүгүн баары эле жакшы түшүнөт. Ошондуктан менин спорт жаатында алдыга койгон максаттарым тынымсыз аракетимдин натыйжасында акырындап ишке ашып келе жатат. Алдыда олимпиада чемпиону болом деген максатым ишке ашса, андан соң үй бүлө куруу маселесин ойлонуштурам го.
скачать dle 11.0фильмы бесплатно