Маалым болгондой, анда чек арадагы чыр-чатактарды алдын алуу, аларга себеп болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу, коңшулаш өлкөлөр ортосундагы макулдашылган чечимдерге жоопкерчилик менен мамиле жасоо, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көрүстөнгө курулган бастырмага байланыштуу эки өлкөнүн айыл аймак башчыларынын оозеки макулдашуусу катуу сынга алынып, чек араны делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин такталбаган аймакка курулуш курбоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу бар экени белгиленди.