Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
23:22
Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда
18:57
Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти
18:55
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
18:54
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
16:25
Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан чыгат — президент
16:22
Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот
16:21
Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт
16:20
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Бардык кабарлар

Баткендиктер Нооруз майрамын салтанаттуу белгилеп, чет өлкөлөрдөн дагы коноктор келишти (видео)

Баткен жаңылыктары
792
0

Маалыматка караганда, майрамга карата кечээ, 20-мартта сүмөлөк бышырылган. Салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акиминин орун басары Абдышүкүр Турабаев баш болгон коноктор келди. Иш-чарада кыргыздын улуттук тамак-аштары даярдалып, жармаңке уюштурулду.
Андан соң шаардагы борбордук стадиондо Баткен шаардык жана райондук маданият бөлүмү жана Бишкектен келген маданият өкүлдөрү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Шаардын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга жана мыкты мугалимдерге ардак грамоталар ыйгарылды.
Нооруз майрамы Кызыл-Кыя шаарында салтанаттуу иш-чаралар менен башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Шаардын маданият кызматкери Гүлайым Эргешованын айтымында, быйыл 40 кг буудай өндүрүлүп, 4 казанга 500 литр сүмөлөк бышырылды. Сүмөлөк жалпы шаар тургундарына таратылды. Шаар мэри Эрмекбай Топчубаев сүмөлөк бышыргандарга өз каражатынан акча берди. Мекеме-ишканалар арасында ыр кесе да уюштурулду.

[media=https://static.bulbul.kg/mp4/4/60854.5b017479cac1ccc4acd54cbc69f71ead.360.mp4]
 
Баткендин Сүлүктү шаарында дагы Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Маараке улуттук тамак-аш жана жергиликтүү чеберлердин килем көргөзмөсү менен башталды. Шаардын маданият бөлүмү тарабынан ыр-бийлер жана ар кандай театралдаштырылган чыгармалар аткарылды.
 
Салтанатка Тажикстан Республикасынын Жаббар-Расулов районунун төрагасынын орун басары Тойчубой Атамуродзода баш болгон коноктор келди. Иш-чарада шаардын өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга ардак грамоталар жана төш белгилер ыйгарылды.
21-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында дагы Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага Баткен облусунун жетекчилиги катышты. Айыл эли майрамга карата концерттик программа, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн даярдашып, айыл апалары бышырган сүмөлөктөн жалпы эл даам татышты.Жетекчилер чек арадагы элди майрамы менен куттуктап, элге тынчтык, биримдик каалап, ар кандай кырдаалдарга карабай чек арада чеп болуп жашап жаткан элге ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле өлкө борборунан эң алыста жайгашкан чек ара айылдарына мамлекет ар дайым өзгөчө көңүл бурарын белгилешти.

Бул күнү Ак-Сай айылында жаштардын аракети менен ачылган спорт залдын ачылышы да өттү. Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев спорт залга керектүү спорттук жабдууларды сатып алуу үчүн 20 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Аны менен катар Нооруз майрамынын урматына волейбол боюнча таймаш өткөрүп жаткан жаштарга байге катары 10 миң сом байге берди. Футбол боюнча мелдешип жаткан Үч-Дөбө айылынын жаштарына мелдеши 15 миң сом байге тапшырылды.
Ак-Сайдагы аталган спорт залдын имараты буга чейин пайдаланылбай бош жаткандыктан, айыл жаштары бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, анын негизинде имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.
Бүгүнкү майрамда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев 13-14-март күндөрү Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чатагынан жаракат алган адамдардан кабар алды. Октон жаракат алып, облустук ооруканада жаткан 3 жана таш тийген 1 адамдын абалы туруктуу экендиги белгилүү болду. Аларга атайын белектер тапшырылды. Дарыгерлер бейтаптардын барынын абалы канаатандыраарлык экендигин айтышып, дары-дармектер жетиштүү экенин билдиришти.
http://batken.turmush.kg/news:362373/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно