Маалыматка караганда, каза болгон аял Баткен районунун Самаркандек айылынын 1976-жылы туулган тургуну экендиги айтылууда. Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ал эми Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 1-май күнү саат 12:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылынан өткөн Ош—Исфана жолунун боюндагы каналдан 40-45 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, ал Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочусу 42 жаштагы Т.Б. экендиги аныкталды. Аталган факт Баткен РИИБде катталып, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.
http://www.turmush.kg/news:365510?from=turmush&place=byregion