
Маалыматка караганда, аталган кырсыктардан 29 адам ар кандай жаракат алган.
Анын ичинен өспүрүмдөр катышкан 8 кырсык катталып, 9 бала жаракат алган.
Мындай жол кырсыктарын алдын алуу максатында 19-20-сентябрь күндөрү Баткен облусу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Анын жүрүшүндө Баткен районундагы мектептерге Баткен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү.



