Маалыматка караганда, ал 13-ноябрда Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында эс алып отурган студенттерге өзүн журналист катары тааныштырып, ар кандай суроолорду берип, ишенимине кирген. Аларды алдоо жолу менен «Редми» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, изин жашырып кетүүгө шектелип жатат. Бул факт ШИИБде каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылынын 24 жаштагы Н.Д. аттуу тургуну Нарын шаарынан кармалды. Азыркы күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Баткен шаарында өзүн телеканалардын биринин журналистимин деп тааныштырып, алдамчылык кылган жигит пайда болгондугу кабарланган. Ал кыздардын ишеничине кирип, алдоо жолу менен «съемка үчүн керек» деп, сөйкөлөрүн жана телефондорун алып жүргөн. Бул жигит Баткен мамлекеттик университетине барып, студенттерге семинар өткөргөнгө да жетишкен.

Ал эми Баткен ШИИБдин маалыматына караганда, 13-ноябрда милицияга Баткен районунун Согмент айылынын 2001-жылы туулган тургуну М.А. арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында тааныш эмес, 25-30 жаштар чамасындагы жигит келип, ар кандай суроолорду берип, ишеничине кирип, 6900 сомдук уюлдук телефонун алгандан кийин окуя болгон жерден кетип калгандыгын билдирген. Аталган адам бештен ашык адамды алдаганы айтылган.
http://www.turmush.kg/news:381038