
Маалым болгондо, Мухаммедалы аталган айылдагы мектепте 3-класста окуйт. Облус жетекчиси мындан ары Мухамеддалынын ден соолугу, окуусу, жашоо шарты боюнча ар дайым кабарлашып, үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болорун айтып,
келечекте татыктуу билим алып, эл керегине жараган инсан болуп чоңоюшуна салым кошорун белгиледи. Мухаммедалы сыяктуу дагы 13 бала ата-энелүү болушту. Аларды аймактагы кайрымдуу инсандар камкордугуна алышты.

