
«Биз 2019-жылдын июнь айынан баштап айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн атайын окууну бүткөн миңден ашык жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк бергенбиз. 2019-жылдын 9-декабрынан баштап жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштаган. 8-январга чейин 370 күбөлүк даярдалып келди. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн келген жарандардын саны көп болгондуктан дем алыш күндөрү иштеп жатабыз.

Айдоочулук күбөлүктү жаңыдан алып жаткандар автомектепти бүткөн соң теориялык жана практикалык сынактан өтүп, айдоочулук күбөлүк алышат. Ал эми айдоочулук күбөлүгү бар, жаңы айдоочулук күбөлүккө алмаштыруучулар автомектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүгүн жана медициналык тактама алып келет. Жалпы 743 сом акча сарпталат. Айдоочулук күбөлүктүн өздүк баасы 100 сом. Убактылуу айдоочулук күбөлүгү барлар 361 сом менен жаңы айдоочулук күбөлүгүн алса болот», - деди ал.

Баткен шаарынын тургуну Акылбек Батыров бүгүн айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга келгенин, бирок кезек көп экенин айтты.
http://www.turmush.kg/news:385221