«Евразиялык экономикалык биримдикке катышуу алкагында бодо малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу» долбоорунун алкагында атайын адистерди окутуу жана потенциалды жогорулатуу иш чаралары жүрүүдө. Мындай окутуу ПРООНдун колдоосу менен 2016-жылдын декабрь айында Баткен облусунун бардык аймактарында жүрүп, 182 адис идентификация системасы боюнча түшүнүктөрдү алды.
Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыктын башкы адиси, Идентификациялоо боюнча тренер, Таир Мадимаровдун маалыматында малды идентификациялоо боюнча Кадамжайда 77, Лейлекте 57, Баткен районунда 47 адис даярдалды.
” Адистер оператор жана каттоочулар болуп эки топко бөлүнүп, өз милдеттерин үйрөндү. Идентификациялоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө операторлор ар бир айыл өкмөтүнө жайгаштырылат жана каттоочулар алып келген мал тууралуу маалыматты борбордук маалымат базага киргизип турат. Оператор жана каттоочуларга электрондук ыкмада, ыкчам иш жүргүзүүсү үчүн ноутбук жана смартфондор берилет” деди Т.Мадимаров.