
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын Шыйпан аймагында чек арачылар кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1981-жылы туулган Т.У. аттуу жаранын кармашты. Ал өзүнө таандык болгон «Мерседес-Спринтер» унаасы менен чек ара пунктунан башка жерден Өзбекстанга тиричилик буюмдарын жана кургатылган жемиштерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Бүгүн, 4-майда Лейлек районуна караштуу Майты аймагында чек арачылар Тажикстандан Кыргызстанга 3 тонна пияз алып өтүп жаткан «Хундай Портер» үлгүсүндөгү 2 унааны кармашты. Айдоочуларда жүккө тиешелүү болгон уруксат кагаздары болгон эмес. Жүктүн жалпы баасы 200 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан соң жүктөр жана айдоочулар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
http://www.turmush.kg/news:397790?from=turmush&place=byregion