Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, учурда имараттын эшик-терезелери, чатыры толугу менен алмаштырылып, канализация жумуштары бүткөрүлдү. Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин эсебинен 12 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Оорукана август айынын аягына пайдаланууга бериле турганы күтүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге чукул калкына облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келет.