Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Абдулла уулу билдирди.
Анын айтымында, түзүмдүн кызматкерлери «Рольдо» жана «Бахус» аталышындагы рейд уюштуруп, жолдорду иретке келтиришти.
Унаа токтотууга мүмкүн эмес деген жол белгиси коюлганына карабай унааларын токтоткон айдоочуларга протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Жалпысынан Бузуулар кодексинин негизинде жалпы 50гө жакын протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Арак ичип алып унаа айдаган 4 айдоочунун ар бирине мыйзам чегинде 17500 сомдон айып пул салынды.
Мындай рейд облустун бардык аймактарында уюштурулат.