Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

Баткендеги айыл өкмөттө жыйындан милиция алып кеткен адамдар: Айыл өкмөттүн тургундары эмне дешти?

Баткен жаңылыктары / Демилге
165
0

 

Алар айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиевди колдой турганын айтышты.

Маалымат жыйынга келгендердин бири Мусабай Момуналиев: Биздин маалымат жыйын бергенибиздин себеби: кечээ, 25-январда биздин айыл өкмөткө «Адилет Кут» деген уюм келип, айыл өкмөттү, керек болсо биз басып алабыз деген максат менен боз үйлөрдү тигип, өздөрүнчө хан, бек болуп, ЖМКды чакырабыз, элдин үнүн угабыз деп тополоң кыла баштады. 25-январь күнү айыл өкмөттө 300-400дөй адам чогулуп, Ак-Турпак айыл өкмөтүн колдоп, өздөрүнүн кайрылуусун жасайбыз деп чогулду.


Биздин айыл өкмөттө 4 адам бар. Бул адамдар ошолордун арызы менен келген. Мен Садыр Нуркожоевичке, УКМКнын башчысы Камчыбек Кыдыршаевичке, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго элибиздин атынан кайрылам. Ушундай «самозванецтерди» тыйыш керек. 4 эле адамдын арызы менен элди тополоңго салып, «Биз айыл өкмөттү текшеребиз. Биз каалагандай кылабыз, биз мекенчилбиз» дейт. Алар эч жерде иштебеген адамдар. Айыл өкмөттү финполиция, УКМК жана башка мамлекеттик органдар текшерсе мыйзамдуу болот. Өкмөттүн эшиги ачык. Текшергенге шарт түзүп берет, керек болсо. Алар келип эле баскынчыдай басып алганы туура эмес. Кыргызстанда коомдук уюмдар 2000ден ашык. Мындай уюмдар толуп кетти.

Ак-Турпак айыл өкмөтү 2013-жылы мыкты айыл өкмөт катары 3 млн сом жеңип алган. Ал акчалар айыл өкмөттүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалган. «Аны айыл өкмөт жеп койду» деп каралагандар болгон. Аларды текшере турган атайын уюм бар. 4 адам өзүнчө коомдук уюм деп оюна келген ишти кылып, элди дүрбөлөңгө салганына биздин эл каршы. Биздин айыл өкмөт республикада дотациядан чыккан айыл өкмөт. 7-8 жылдан бери 1-орунду бербей келе жатат.

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Эгемберди Жапаров: Бизде болуп өткөн окуяны ошол окуяга катышкан жарандарыбыз айтып жатат. Максат эле көп жолу сөз болуп жаткан газ, нефть боюнча. Ошону козгоп, айыл өкмөттү басып алайын деп аракет кылып жатышат. 2010-жылы токтоп калган жок газды бар деп, элдин атын жамынып жатышат. Ал боюнча прокуратура, УКМК, Финполиция текшерген. Мен өзүм да ээрчитип алып газ, нефть токтоп калганын көрсөткөм. Бул өкмөт сатып бере турган, өкмөт чече турган иш эмес. Бул мамлекеттер ортосунда аткарыла турган иш. Буга чейин 1953-жылдан баштап Өзбекстан бизди «Северный Сох» деп коет, ошол жерлерден нефть, газ чыккан. Ошолорду топтоп, жыйнап иштетип жүрүшкөн. Эгемендүүлүк жылдардан кийин Кыргызстан өткөрүп алабыз деп министрликтен келип текшеришкен. Бирок кандайдыр бир себептер менен чечилбей турат. Бирок азыр бул аймак бизге карайт. Газ сактоочу жай болгон. Ошол жерди Өзбекстандын аскерлери көзөмөлдөп турат. Ал эми техникалар, темирлерди өзбек тарап алып чыгып кетпесин деп Чек ара кызматы, айыл өкмөтү, эл карап турат. Бул эми мамлекеттик деңгээлде чечилсе гана биз өзүбүз иштетебиз. Азыр келген өзүнчө уюмдар «газды өзбектерге сатып жатасыңар» деп айтканда элдин кыжыры келип, көтөрүлүп кетти.

Биз айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиевди колдойбуз. Ал 2005-жылы айыл өкмөт башчы болуп дайындалган. Ошондо айыл өкмөттүн бюджети 2 млн 200 миң сом болгон. Бүгүнкү күндө 27 млн сомго чыкты. Кадамжай району боюнча эң көп инвестицияны Ак-Турпак айыл өкмөтү тарткан. Канчалаган мектептер бүттү, 2 бала бакча болду. Жол курулду, жарыктандыруу болду», - деди ал.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Миң-Чынар айылынын тургуну Гүлмира Салиева: Биздин айылда 1-2 арыздануучу бар. Келген адамдар ошолордун үйлөрүнө келип конушкан. Ошол жерде сүйлөшүп, уюштуруп, айыл өкмөткө барышты. Мен да ошол жерге бардым. Коомдук уюмдар кээ бир жарандарды зордоп алып келгенин көрдүк. Ошолор менен келген аялдардан «силер эмнеге келдиңер?» деп сурасам, «айланайындар биз жөн эле келдик, бизди жолдон кошуп алышты» дешти.


Биздин айыл өкмөткө эч кандай нараазычылыгыбыз жок. Тескерисинче ыраазыбыз.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аксакалы Үсөн Жумабева: Алар агрессивдүү, мени урушса экен деп шылтоо таппай турушат. Эл дагы сабырдуулук менен мамиле кылды. Уруш чыгып кетсе эмне болот? Эч кимди эч ким урган жок. Өздөрү жабышса да жол бербей турду.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жашоочусу Ражабали Кудайбердиев: Азыр ушундай адамдар чыгып жатат, «мен патриотмун» деп элдин тынчын алып жатышат. Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн 400дөй эл чогулду. Бул эл Ак-Турпак айыл өкмөтүн колдоп келишти. Ал эми өздөрүн патриот деп тааныштырган 20дай адамды өзүбүздүн айыл өкмөттөн чыккан 3-4 адам спирт ичимдигин ичип, жандап жүрдү. Биздин аксакалдар туура кеңешин берип, элдин ынтымагын бекемдеп турушту. Элдин үнүн уккандан кийин биз билбей эле келиптирбиз дегендери болду.

1973-жылы Бүргөндү совхозу болуп өздөштүрүлгөндө бир да соцобъект курулган эмес. Алчынбай Төралиев айыл өкмөт башчы болгонго чейин клуб, соцобъекттер жок болчу. Бул айыл өкмөттү дотациядан чыгарды. Мындай кишилерди мамлекетте бийлик алмашса эле кетиребиз деп чыга бербеш керек. Ал эми мына ушундай жетекчилерге асылган 4 адамды эл айылдык депутаттыкка да шайлабайт. Буга чейин талапкер болгондо эл эмес, үй-бүлөсү шайлаган эмес. Анан булар барып алып эле «мен революционермин» деп элди дүрбөттү эле, эл колдогон жок. Булардын максаты — айыл өкмөттү басып алуу. Ак-Турпак айыл өкмөтү 27 жолу текшерилди. Эч нерсе чыккан жок.

Маалымат жыйынга келгендер бийликтен бул маселе боюнча акыйкат чара көрүүнү суранышты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен ОИИБ 25-январда саат 12:00 чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө келген уюмдун мүчөлөрүн милиция кызматкерлери алып кетишкенин билдирген.

Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиев 100-150гө жакын адам менен жолугушуу өткөрүп жаткан кезде Сузак районунун 1959-жылы туулган тургуну Талант Разаков баштаган бир топ адамдар келишкен. Талант Разаков өзүн «Адилет Кут» деген коомдук уюмдун төрагасымын деп тааныштырган. Жыйынга келгендер аларга Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчысынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча кайрылышканын айткан. Айыл өкмөт башчы Алчынбай Төралиев кандай суроо-талап болсо эл алдында ачык айтууну билдирген. Эл тарабынан жыйынга келген «Адилет Кут» коомдук уюмунун мүчөлөрүнө нараазычылык айтылып, чечим кабыл алышкан:

- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын ишмердүүлүгүнө каршы, негизсиз дооматтарды коюп келген жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү;

- Ар түрдүү коомдук уюмдардын айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүнө киришүүсүнө бөгөт коюу;

- «Адилет Кут» аталышындагы коомдук уюмдун мүчөлөрүнөн Ак-Турпак айыл аймагынан 2 саатта чыгып кетүүнү талап кылуу;


Жыйынтыгында Кадамжай РИИБдин кызматкерлери жыйынга катышкан «Адилет Кут» коомдук уюмдун мүчөлөрүнүн ысымдарын аныктоо үчүн аларды милициянын имаратына алып кетишкен. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно