Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткенде өтүп жаткан "Коопсуздук — 2021" жана "Түштүктү калыптоо — 2021" аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгары айтылды.
Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчы Ош облусунун Алай районуна барат.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210403/1051989021/sadyr-zhaparov-batken-oshko-barat.html