... жайындагы оңдоп-түздөө иштеринин жүрүшүндө кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы окуя таш ыргытуу менен коштолду деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал күнү Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы оңдоо иштерин Тажикстан тараптын чек арачылары «жумушту биргеликте жасайбыз» деп токтотууну талап кылышкан. Окуя боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлигинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол берилген жок.
Чек ара кызматы тарабынан кыргыз тараптын суу чарба кызматкерлери менен тажик айылынын 50гө жакын тургуну таш ыргытып чатакташканы тууралуу маалымат таратылган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Массалык чыр чатакка жол берилген эмес.
Ал эми Баткен ОИИБ расмий маалымат таратты жана буга далилдүү видеолор бар экенин билдирди.
Окуя тууралуу:
Саат 11:15 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы Головной суу бөлүштүрүүчү жайында Баткен райондук суу чарба ишканасынын 10 кызматкери оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп баштаган. Бул ишке Тажикстандын жарандары нааразычылыгын билдирип, ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок жумуш токтогон эмес.
Тажик тараптын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барган. Аталган окуя боюнча саат 13:45 чамасында Ак-Сай айыл аймагынын Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасында Баткен районунун акими А.Орозов, Баткен РИИБдин башчысы А.Шагамурзаев, №2022 чек ара отрядынын командири Д.Сагынбаев, УКМКнын Баткен району боюнча башчысы Тажикстандын Исфара районунун акими Б.Боходирзода жана тиешелүү жетекчилер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар